«Кан тапшырып, өмүрдү сактап кал» акциясы өтөт

Бүгүн, 4-июнда Бишкекте «Кан тапшырып, өмүрдү сактап кал» деген акция өтөт. Аны «Help the children - SKD» коомдук фонду Республикалык кан борбору менен бирге уюштурууда.

Быйыл алтынчы жыл өткөрүлүп жаткан иш-чаранын негизги максаты – онкологиялык жана гематологиялык дартка чалдыккан балдарга жардам бериш үчүн донордук кандын камын толуктоо.

Фонддун жетекчиси Елена Конева белгилегендей, эгер дарыгердин тыюусу жок болсо каалаган адам барып кан тапшырса болот. Ошол эле жерден инфекциясы бар-жогун да бекер текшерип беришет.

Акция саат 9дан 14.30га чейин «Hyatt» мейманканасында өтөт.

Донор болгусу келген адам паспортун ала барышы керек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда бул көрсөткүч өтө төмөн. Өлкөдө азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар. (RK)

https://www.azattyk.org/a/29980131.html

КОНТАКТЫ

Кыргызская Республика, г. Бишкек
4 мкр., ул. Каралаева, 26\1, офис 2
Телефон:+996 509 103-103
ЭЛСОМ: +996 508 103-103
e-mail: detiskd@gmail.com