Өсмөгө чалдыккан балдарга жардам берүү акциясы уюштурулду

Коомдук «Helpthechildren - SKD» кайрымдуулук фонду онкологиялык дартка чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүү максатында “Алдыга умтул жана ут!” деген ураан менен акция өткөрдү.

Жөө саякаттаганды жакшы көргөн жаштар тобу менен Ысык-Көл, Көл-Төр көлдөрүнө, Көк-Мойнок, Көңөрчөк каньондоруна, Белогорка жана Бөрүлү шаркыратмаларына үч саякат уюштурулду.

Үч апта бою студенттер, мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү бирдиктүү команда болуп, жолдогу кыйынчылыктарды чогуу жеңип, Кыргызстандын эң кооз жерлерин кыдырып чыгышты.

Фонддун президенти Елена Коневанын айтымында, долбоордун максаты онкологиялык илдет менен ооруп жаткан балдардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болду.

Жалпысынан 12 миң сом акча чогултулуп, эки бейтап балага которулуп берилди. (RK)

https://www.azattyk.org/a/29925919.html

КОНТАКТЫ

Кыргызская Республика, г. Бишкек
4 мкр., ул. Каралаева, 26\1, офис 2
Телефон:+996 509 103-103
ЭЛСОМ: +996 508 103-103
e-mail: detiskd@gmail.com