Өсмөгө чалдыккан баласын карап жаткандар үчүн акция уюштурулду

Улуттук Онкология борборунун балдар бөлүмүндө «Эненин жылмаюусу» деген чакан акция өттү. «Help the children – SKD» фонду уюштурган иш-чаранын алкагында ооруканада баласын карап жаткан энелер үчүн кесипкөй визажисттер чакырылды. Алар энелердин бетин боеп, чачын жасап, сүрөткө тартып беришти.

Онкологиялык дартты дарылоо узак мөөнөттү талап кылгандыктан баласын караган энелер ал жакта жарым жыл, кээде бир жыл жатышат.

Уюштуруучулар наристеси менен алек болуп, өзүн караганга жетишпей жаткан энелердин бир аз болсо да көңүлүн көтөрүп, жүзүнө жылмаюу тартуулаш үчүн мындай акцияларды эми дайыма өткөрүп турмай болушканын «Азаттыкка» фонддун жетекчиси Елена Конева билдирди.

Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам өсмө (рак) оорулары менен каттоодо турат. Алардын 3 миңге чукулу 18ге чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. (RK)

https://www.azattyk.org/a/30209890.html?fbclid=IwAR1GSMNKshmwlITdgQnenM_GfniVL86Kr0UBfu6YHOqGSyoWhnucLZlcamo


КОНТАКТЫ

Кыргызская Республика, г. Бишкек
4 мкр., ул. Каралаева, 26\1, офис 2
Телефон:+996 509 103-103
ЭЛСОМ: +996 508 103-103
e-mail: detiskd@gmail.com