Ооруган балдардын тыйыны уурдалып жатат

https://www.azattyk.org/a/stolen_money_from_cancer_charity_boxes_kyrgyzstan/30259380.html

Кыргызстанда өсмө оорусуна чалдыккан балдарга жардам берүү максатында коомдук жайларга коюлган кутучаларды уурдоого каршы акция башталды. Оорулуу балдардын тыйындап чогулган каражатын уурдоо эмнени белгиси?

Онкологиялык дарт менен алпурушуп жаткан балдарга дары-дармек жетиштүүбү? Эмне үчүн оорулуу балдардын ырыскысына көз арткандар көбөйдү?

«Арай көз чарай» талкуусуна «Help the children SKD» фондунун өкүлү Асел Тургунбаева жана оор лейкоздон жабыркаган 12 жаштагы Альбина Акматованын апасы Жазгүл Топушева келди.

«Азаттык»: Жазгүл айым, мамлекет тарабынан кепилдик берилген жардамды алып жатасыздарбы? Альбинага ушуга чейин кандай жардам ала алдыңыз?

Жазгүл Топушева: Мамлекет эми бизди акысыз ооруканага жаткырып, дарыгерлер каражат албай карап жатышат. Кызым азыр 12 жашта. Төрт ай мурда оор ак кан оорусу деген диагноз менен Жалал-Абаддан келгенбиз. Биринчи буту-колу ооруп, ревматизм деп дарылаттык эле. Анан эле мурду канап токтобой, ушул диагноз коюлду.

Өзүм кесибим боюнча медайыммын, азыр иштебей калдым. Күйөөм такси айдайт. Кайненем бар, пенсияда, Альбинадан башка мектеп жашындагы эки балам бар. Азыр ушул эле кызымды карап жатам. Химия терапиясына эле 15 миң сом керек экен. Мындай химия терапия айына бир нече ирет болушу мүмкүн. Андан тышкары ар түрдүү анализдери да кымбат. Ушунун баарын «Help the children SKD» фондунан алып, өзүбүз да эптеп акча таап жатабыз.

Ооруган балдардын акчасын уурдагандар бар экен. Аларга айтарым, биз ар бир күнүбүздү үмүт менен жашайбыз. Балдарыбыз айыкса деп тилейбиз. Тыйын да биз үчүн маанилүү. Үмүтүбүздү уурдабаңыздар деп айткым келет.

«Азаттык»: Асел айым, силердин фонд мындай уурулардан канча суммага жабыр тартты? Алар табылдыбы?

Асел Тургунбаева: Тилекке каршы, уурулар акыркы төрт-беш айда абдан көбөйдү. Соода борборлорунда, дүкөндөрдө турган акчанын ар бир тыйынын санап, жогоруда Жазгүл айымдыкындай муктаж болгон балдардын дары-дармегине кетиребиз. Бир эле дүкөндөгү бир кутучанын акчасын алып кеткенде болжол менен 30 миң сомдой зыян тартып жатабыз. Муну менен биз бир баланын бир курс химиотерапиясын төлөп коймокпуз да.

Уурулардын айрымдары табылды. Бирөө жапжаш жигит экен. Иштеп деле акча таба турган куракта «Балдар дүйнөсү» дүкөнүнөн кайрымдуулук кутусун ачып жатып кармалды. Милиция аны бир-эки жумадан кийин эле чыгарып ийди.

Себеби, 10 миң сомдон ашык зыян болбогон учурда кылмыш ишин козгошпойт экен. Бирок биз бир кутуда канча акча салынганын анын пломбасын ачып, расмий эсептемейинче билбейбиз да! Балким миң сом, балким 30 миңби? Айтор, укук коргоо органдары тарабынан бети ачылган күндө да каракчылар жазасыз калууда.

Ушундан улам биз "Кызыл жарым ай коому" менен бирге «Үмүттү уурдаба» аттуу флешмоб баштадык. Интернеттеги бул иш-чарабыз азыр көп кишилердин көңүлүн бурууда. Ооруканадагы кичинекей бейтап үчүн бир тыйын да маанилүү. Биздин фонд азыр миң сомдон 10 миң долларга чейин бейтаптарга көмөк көрсөтүп жатат. Жакында эле бир баланы чет өлкөгө 70 миң доллардык операцияга жибердик. Анын 10 миң долларын таап берели дедик. Тилекке каршы, Кыргызстанда өсмө оорулуу балдарга көп операция жасалбаганы үчүн ушундай акча чогултууга мажбур болуп жатпайбызбы.​

КОНТАКТЫ

Кыргызская Республика, г. Бишкек
4 мкр., ул. Каралаева, 26\1, офис 2
Телефон:+996 509 103-103
ЭЛСОМ: +996 508 103-103
e-mail: detiskd@gmail.com