Өсмөгө чалдыккан балдарга дары-дармек тапшырылды

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө дээрлик 80 миң сомдук дары-дармек тапшырылды. Акцияны «Help the children - SKD» кайрымдуулук фонду уюштурду.

Дары сатып алууга каражатты меценаттар бөлүп берген. Алар бүгүн уюштурулган салтанаттуу жолугушууга катышышты.

Оорукананын жетекчилиги белгилегендей, өсмө илдетине чалдыккан балдарга керектүү дары-дармектин баарын эле мамлекет каржылабайт, андыктан мындай жардам өтө маанилүү.

Фонддун жетекчиси Елена Коневанын айтымында, быйыл жыл башынан бери балдар бөлүмүнө 361​ миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам өсмө (рак) оорулары менен каттоодо турат. Алардын 3 миңге чукулу 18ге чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. 

https://www.azattyk.org/a/30282597.html?fbclid=IwAR1bVBgNMl_OuLf8S0z6AcDw3n32Uw6XEeII7IPNOYzwyn0X0FrumPhAZLs

КОНТАКТЫ

Кыргызская Республика, г. Бишкек
4 мкр., ул. Каралаева, 26\1, офис 2
Телефон:+996 509 103-103
ЭЛСОМ: +996 508 103-103
e-mail: detiskd@gmail.com