Ошто кан оорусуна чалдыккан балдарды дарылоо бөлүмү ачылат

Эне-баланын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмү Ош шаарында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачат. Бул тууралуу “Азаттыка” «Help the Children-SKD» фондунун жетекчиси Елена Перевозникова маалымдады. Бул фонд аталган медициналык мекеме менен тыгыз кызматташып, гуманитардык жардам тартуу багытында иш алып барат. Оштогу бөлүм ушул айдын аягында ачылып, иштей баштайт. Учурда Бишкекте жайгашкан Эненин жана баланын ден соолугун сактоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмүндө кан ооруларына чалдыккан 25 бала дарыланып жатышат.

КОНТАКТЫ

Кыргызская Республика, г. Бишкек
4 мкр., ул. Каралаева, 26\1, офис 2
Телефон:+996 509 103-103
ЭЛСОМ: +996 508 103-103
e-mail: detiskd@gmail.com