Балдар ооруканасына ооруну басуучу дарылар акысыз берилди

«Help the children – SKD» аттуу кайрымдуулук фонду Бишкектеги балдардын №3 клиникалык ооруканасына жана №6 төрөт үйүнө 900 миң сомдук ооруну басаңдатуучу дарыларды берди. Америкадан алынып келген лидокаин кремдери кичинекей пациенттердин оорусун басаңдатат.

Бул «Help the children – SKD» фондунун алгачкы жардамы эмес. Буга чейин Эне-баланы коргоонун улутттук борборуна жана Улуттук онкология жана гематология борборуна да ооруну басаңдатуучу дарылар акысыз берилген.

azattyk.org

КОНТАКТЫ

Кыргызская Республика, г. Бишкек
4 мкр., ул. Каралаева, 26\1, офис 2
Телефон:+996 509 103-103
ЭЛСОМ: +996 508 103-103
e-mail: detiskd@gmail.com